Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Бишкек — Ош жолунда автокырсыкка кабылды

© пресс-служба мэрии города Бишкек Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев. Архив
 Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Унаанын ичинде вице-мэр жана дагы үч жүргүнчү бараткан. Алар ар кандай жарааты менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Бишкек — Ош жолунун 217-чакырымында жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев тастыктады. 

Анын айтымында, кечээ, 26-июлда, таңкы саат 6:00дөр чамасында Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, Токтогул районунун аймагында жол четиндеги тосмону сүзүп алган.

Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Радио
Айтикул уулу: жол кырсыктарынын саны былтыркыга салыштырмалуу 30%га өстү
Унаанын ичинде вице-мэр жана дагы үч жүргүнчү бараткан. Алар денесинен ар кандай жараат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучулардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Айдоочу эч кандай жараат алган эмес. 

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0