Ысык-Көлдө түтүктө каза болгон бала. Аттракциондор жабылышы мүмкүн   

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көлдөгү Бостери айылындагы аквапарк. Архив
Ысык-Көлдөгү Бостери айылындагы аквапарк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
27-июль күнү Бостери айылындагы аквапаркта суу түтүгү соруп кеткен 18 жашар бала каза болду. Анын сөөгүн түтүктү кесип алып чыгышкан.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү аквапарктагы түтүк соруп кетип каза болгон 18 жаштагы баланын өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлөт. Ошондой эле бул сыяктуу аттракциондор убактылуу жабылышы мүмкүн экенин Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.  

"Укук коргоо органдарынын жана техникалык кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт. Буга эмне себеп болду, курулуш качан текшерүүдөн өткөн жана кандай кемчиликтер болгон деген сыяктуу суроолорго жооп издешет. Андан соң прокуратура юридикалык баа берет”, — деди аким.  

Ошондой эле ал эртең менен бул маселе боюнча кеңешме өткөрүлөрүн жана тегерек-четтеги бардык аттракциондор текшерилерин кошумчалады.

“Менимче, текшерүүлөр кандайдыр бир жакшы жыйынтык бермейинче аттракциондорду жаап туруу керек. Бирок бул маселе эртең менен чечилет”, — деди район жетекчиси. 

Эске салсак, 27-июль күнү Бостери айылындагы аквапаркта 18 жашар баланы суу түтүгү соруп кетип каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0