18 жашар уландын аттракциондогу өлүмү: сотко чейинки өндүрүш башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши "Дело №" папкасы менен. Архив
Киши Дело № папкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Буга чейин Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов 18 жаштагы баланын өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлөрүн айткан.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын аймагында болгон каргашалуу окуя — 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча сотко чейин өндүрүш башталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Эске салсак, 27-июль күнү Бостери айылындагы аквапаркта уланды суу түтүгү соруп кетип каза болгон.

Маалымат кызматтан учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, соттук медициналык бардык экспертизалар дайындалганын айтты.

"Азырынча беренеси жок. Экспертизалык иштер аяктагандан кийин гана кайсы берене боюнча кылмыш иши козголору белгилүү болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлөрүн айткан. Ошондой эле ал текшерүүлөр кандайдыр бир жакшы жыйынтык бермейинче ушул сыяктуу аттракциондор жабылышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0