Бишкектеги батирлердин биринен 84 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТез жардам унаасы. Архив
Тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачып, ичиндеги кемпирдин сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Ленин районунда жайгашкан батирден 84 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

"Куткаруучулар Айтматов проспектисинде жайгашкан №51 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачканда 1936-жылы туулган М.В. аттуу аял кишинин сөөгү табылды", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кызматкерлери маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0