Автоунаалар калкып... Балыкчы менен Тоңдо сел жүрүп, жолдор бузулду. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көлдө жүргөн сел
Ысык-Көлдө жүргөн сел - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Нөшөрдүн кесепетинен Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери керектен чыккан.  Ал эми Көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Балыкчы жана Тоң райондорунда сел жүрүп, жолдор бузулганын ӨКМ билдирди.

Бүгүн, 30-июль күнү, таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаары менен Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа жана Оттук айылдарында нөшөрдөн кийин сел жүргөн.

"Суу турак үйлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор менен арыктар кум-шагылдарга толгон. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери селден зыян тарткан. Ал эми Көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык", — деп айтылат маалыматта.

Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикеев менен министрликтин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кеткен.

Учурда Балыкчыдан барган 15 куткаруучу эки атайын техника менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Жабыркагандар катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0