Москвада КРден барган 49,8 млн. сомдук контрабандалык iPhone аэропорттон кармалды

© Фото / пресс-служба Домодедовской таможниМоскванын "Домодедово" аэропортунда 396 даана декларацияланбаган Apple iPhone үлгүсүндөгү смартфон аныкталды
Москванын Домодедово аэропортунда 396 даана декларацияланбаган Apple iPhone үлгүсүндөгү смартфон аныкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Мындай кымбат баадагы товарды жеткирүү үчүн жиберүүчү тарап 9,8 миллион сомдук бажы пошлинасын төлөшү зарыл болчу.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Москванын "Домодедово" аэропортунда 396 даана декларацияланбаган Apple iPhone үлгүсүндөгү смартфон аныкталды. Бул тууралуу "Подмосковье сегодня" интернет-басылмасы учак жайдын маалымат кызматына таянып жазды.

© Фото / пресс-служба Домодедовской таможниИзъятые 396 незадекларированных смартфонов Apple iPhone, моделей 11 и 12 Pro в аэропорту Домодедово в Москве. 29 июля 2021 года
Москванын Домодедово аэропортунда 396 даана декларацияланбаган Apple iPhone үлгүсүндөгү смартфон аныкталды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Москванын "Домодедово" аэропортунда 396 даана декларацияланбаган Apple iPhone үлгүсүндөгү смартфон аныкталды
© Фото / пресс-служба Домодедовской таможниИзъятые 396 незадекларированных смартфонов Apple iPhone, моделей 11 и 12 Pro в аэропорту Домодедово в Москве. 29 июля 2021 года
Жалпы баасы 49,8 миллион (43 миллион рубль) сомду түзгөн телефондор Кыргызстандан барган. Мыйзамсыз жүк пландык текшерүү учурунда табылган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жалпы баасы 49,8 миллион (43 миллион рубль) сомду түзгөн телефондор Кыргызстандан барган. Мыйзамсыз жүк пландык текшерүү учурунда табылган.
1/2
Москванын "Домодедово" аэропортунда 396 даана декларацияланбаган Apple iPhone үлгүсүндөгү смартфон аныкталды
2/2
Жалпы баасы 49,8 миллион (43 миллион рубль) сомду түзгөн телефондор Кыргызстандан барган. Мыйзамсыз жүк пландык текшерүү учурунда табылган.

Жалпы баасы 49,8 миллион (43 миллион рубль) сомду түзгөн телефондор Кыргызстандан барган. Мыйзамсыз жүк пландык текшерүү учурунда табылган.

"Бажы көзөмөлү учурунда Кыргызстандан юридикалык дарекке Apple үлгүсүндөгү 396 даана телефон келгени аныкталды. Мобилдик каражаттын базар баасы орточо эсеп менен 43 миллион рублди түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Товар декларациядан өткөн учурда Россиянын федералдык бюджетине чегерилүүчү каражаттын алдын ала суммасы 9,8 миллион сом (8,5 миллион рубль) болору белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0