Ошто милициянын формасын кийип элди алдаган киши кармалды

© Фото / пресс-служба УВД города ОшИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Шектүү бирөөнүн телефонун алып кеткен соң кармалып, Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен ага каршы сотко чейинки өндүрүш ачылды.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ош шаарынын аймагында милициянын формасын кийип элди алдап жүргөн жигит кармалды. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 22-июлда саат 23:00 чамасында Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан мейманкананын алдында белгисиз жаран шаардын 47 жаштагы тургунунун Samsung A51 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун сурап алып, ал мейманканага кирип чыкканча качып кеткен.

Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Тайсон боксташып жүрөт. Депутаттар 43 жашында пенсияга чыккан офицерлерди сындады
26-июль күнү аталган окуяга шектелип Ош шаарынын аймагынан Өзгөн районунун тургуну, 28 жаштагы киши кармалып, үй камагына чыгарылган.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү милициянын формасын кийип, Оштогу жол тескөөчүлөргө дагы өзүн "милиция кызматкеримин" деп тааныштырып жүргөнү аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0