Чүйдө беш үйдү тоноого шектелип төрт адам кармалды, бирөө өспүрүм. Сүрөт

© AFP / NOEL CELISЗадержание подозреваемых в Кыргызстане
Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Алар телевизор, ноутбук, фотоаппарат, акча, зер буюмдарды жана башка каражаттарды уурдап кетишкен. Зыяндын жалпы суммасы эсептелүүдө.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кырман жана Лебединовка айылдарында беш үйгө уурулукка кирген деген шек менен төрт адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиКырман жана Лебединовка айылдарында беш үйгө уурулукка кирген деген шек менен төрт адам кармалды
Чүйдө беш үйдү тоноого шектелип төрт адам кармалды, бирөө өспүрүм. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Кырман жана Лебединовка айылдарында беш үйгө уурулукка кирген деген шек менен төрт адам кармалды

Алар телевизор, ноутбук, фотоаппарат, акча, зер буюмдарды жана башка каражаттарды уурдап кетишкен. Беш факты тең Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен катталган. Учурда келтирилген зыяндын суммасы эсептелип жатат.

Бычкак кармаган адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Кыргызстанда кылмыштын кайсы түрү канчага өстү. Маанай чөгөргөн статистика
Аталган кылмышка шектүү катары 17, 18, 20, 23 жаштагы балдар кармалган. Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн биринин сумкасынан Макаров тапанчасынын төрт огу табылган. Ошондой эле уурдаган буюмдарын "Ош" базарына алып келип сатып жүрүшкөнү аныкталган.

ИИББ кармалгандардын башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогун текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0