Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0