Кеминде автоунаа жолдон чыгып кетип, 20 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧСЧүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен
Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Куткаруучулар жигиттин сөөгүн Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 20 жаштагы улан каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдон чыгып оодарылып кеткен.

"Жол кырсыгынан Э.И. аттуу 20 жаштагы жигит көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин Кемин районундагы төрт куткаруучусу тартылган. Алар каза болгон баланын сөөгүн автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0