Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр

© SputnikӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
15-июль күнү беш кишиден турган үй-бүлө Ала-Көл жайлоосунда эс алып жүрүп, К.В. аттуу кыз жоголуп кеткен. Акыркы жолу ал Каракол дарыясынын жанында болгону айтылган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Эки апта мурда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун аймагында жоголуп кеткен 29 жаштагы турист кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

"Каракол суусунун Ала-Көл жайлоосунан өткөн жеринде белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 6 куткаруучу тартылып, сөөктү суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал 1992-жылы туулган К.В. аттуу аял экендиги аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 15-июль күнү беш кишиден турган үй-бүлө Ала-Көл жайлоосунда эс алып жүрүп, К.В. аттуу кыз жоголуп кеткен. Акыркы жолу ал Каракол дарыясынын жанында болгону айтылган. 

Маалыматка караганда, үй-бүлө мүчөлөрүнүн үчөө Россиянын, экөө Казакстандын жарандары болгон.

ӨКМ куткаруучулары туристти издеп, 21-июнь күнү кыздын ата-энесинин өтүнүчү менен издөө иштери токтотулган. Алгач кыз токойдо адашып кетти го деген үмүт болуп, бирок кийин Каракол суусунан анын ботинкасы менен шымын туристтер таап алып, куткаруучуларга беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0