Сокулукта жөө адамды унаа коюп, денеси бөлүнүп кеткен

© AFP / PIERRE TEYSSOTЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Маркумдун ким экени тактала элек. Айдоочу Сокулук РИИБине жеткирилген. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун Шопоков шаарындагы бөлүгүндө жол кырсыгы катталып, жөө адам набыт болду. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.

Кырсык 31-июлга караган түнү саат 02:00дөр чамасында болгон.

"Volkswagen Golf III үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу борбор калааны көздөй бара жатып 35-40 жаш чамасындагы кишини койгон. Окуянын кесепетинен жөө адамдын денеси бөлүнүп чачырап кеткен", - дешти милициядан.

Маркумдун ким экени тактала элек. Айдоочу Сокулук РИИБине жеткирилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0