Москва районунун Беловодское айылында жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү

Беловодское: жөө адамды өлтүрө сүзүп, андан соң качып кеткен айдоочу кармалды

93
(жаңыланган 10:08 02.08.2021)
Кырсыкка себепкер деген айдоочуну милиция "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларынын жардамы менен аныкташкан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Москва районунун Беловодское айылында жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

В селе Беловодском Московского района Чуйской области водитель сбил мужчину насмерть и скрылся с места ДТП
© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
Москва районунун Беловодское айылында жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү

31-июль күнү түнкү саат 3:00 чамасында Беловодское айылынын Фрунзе — Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жөө кишини сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган.

"Алган жаракатынын улам  55 жаштагы адам эсине келбей ошол жерден көз жумган. Москва РИИБинин кызматкерлери "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларынын жардамы менен 1-августта кырсыкка себепкер деген адамды аныктап, Талас облусунун 33 жаштагы тургунун кармаган", — деп айтылат маалыматта.
В селе Беловодском Московского района Чуйской области водитель сбил мужчину насмерть и скрылся с места ДТП
© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
31-июль күнү түнкү саат 3:00 чамасында Беловодское айылынын Фрунзе — Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жөө кишини сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган

Учурда айдоочу Москва райондук ИИБдин  тергөө кызматына өткөрүп берилген, ал эми Mercedes-Benz-512 үлгүсүндөгү автоунаа айып короого токтотулган.

93
Белгилер:
жол кырсык, айдоочу, жөө адам
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (168)
Тема боюнча
Сокулукта жөө адамды унаа коюп, денеси бөлүнүп кеткен
Афганистандын Кандагар шаарындагы жагылуу болгон мечит

ЖМК: Афганистандын Кандагар шаарында мечит жардырылып, 63 адам көз жумду

66
Маалыматтарга караганда, терактыны үч жан кечти жасаган. Дагы бирөө имараттын жанынан ок чыгарган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Афганистандын Кандагар шаарында мечит жардырылып, каза болгондордун саны 63кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү ооруканадагы ишенимдүү булактарга таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, 83 адам ар кандай жаракат алган. Жардыруу жакында эле күндүз болгону айтылды. Ишенимдүү булактын айтымында, терактыны үч жан кечти жасаган. Дагы бирөө имараттын жанынан ок чыгарган.

ЖМКлардын жазганына караганда, бул терактынын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук кыймылы мойнуна алган.

66
Белгилер:
Афганистан, мечит, жардыруу, өлүм
Тема боюнча
Кабулда мечитти жардырды деген ИМ* террорчулары жок кылынды
Балык. Архив

Чек арачылар үч күн бою Баткенде мыйзамсыз жүк ташыгандарды кармады

333
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар менен жүктөр Кыргызстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан аткезчилик жолу менен жүк алып өтүү аракети болгон бир нече окуяны каттоого алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан бидиришти.

  • В Баткенской области пресечены несколько попыток незаконного провоза контрабандных грузов через границу
    УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан аткезчилик жолу менен жүк алып өтүү аракети болгон бир нече окуяны каттоого алды
    © Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
  • В Баткенской области пресечены несколько попыток незаконного провоза контрабандных грузов через границу
    15-октябрь күнү Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Mercedes Benz Sprinter автоунаасынын айдоочусун колго түшүрдү. 28 жаштагы кыргызстандык Тажикстанга 250 коробка шампунь алып өтүүгө аракет кылган.
    © Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
  • В Баткенской области пресечены несколько попыток незаконного провоза контрабандных грузов через границу
    Бүгүн, 16-октябрда, Лейлек районунда 31 жаштагы кыргызстандык кармалды. Ал Тажикстанга 3 тонна тоңдурулган балык алып бара жаткан.
    © Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан аткезчилик жолу менен жүк алып өтүү аракети болгон бир нече окуяны каттоого алды

Алар:

14-октябрь күнү Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери Өзбекстандан мыйзамсыз жол менен 32 даана буржуйка-меш алып келе жаткан жаранды кармады;

15-октябрь күнү Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Mercedes Benz Sprinter автоунаасынын айдоочусун колго түшүрдү. 28 жаштагы кыргызстандык Тажикстанга 250 коробка шампунь алып өтүүгө аракет кылган;

Бүгүн, 16-октябрда, Лейлек районунда 31 жаштагы кыргызстандык кармалды. Ал Тажикстанга 3 тонна тоңдурулган балык алып бара жаткан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар жана жүктөр компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.

333
Белгилер:
Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, чек ара, УКМК
Тема боюнча
Москвада КРден барган 49,8 млн. сомдук контрабандалык iPhone аэропорттон кармалды
Чек арачылар Баткендеги контрабандалык жүктү токтотуу үчүн асманга ок атышты
Жаратылыш. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

0
Жекшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөнүндө +20...+25, Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын жергесинде +14...+19 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +18...+20, ал эми Ош шаарында +23...+25 градус болору болжолдонду.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер