Куткаруучулар Чычкан суусуна агып кеткен аялды издеп жатат

© SputnikДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Кечээ кеч болуп кеткенине байланыштуу издөө токтотулган. Бүгүн куткаруучулардан тышкары айыл тургундары менен аялдын туугандары тартылды.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Чычкан суусуна агып кеткен 61 жаштагы аял изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя кечээ, 1-августта, 18:00дөр чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 255-чакырымында Мраморный тилкесинде болгон.

Кырсык болгон жерге Токтогул районунан беш куткаруучу барган. Кеч болуп кеткенине байланыштуу 21:20да издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн издөө иштерине 10 куткаруучу, мындан сырткары, Жаңы-Жол айыл аймагынан 10 адам жана туугандарынан 20 киши тартылды.

Кошумча маалымат берилери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0