Тажикстанга мыйзамсыз бара жаткан автоунааны асманга ок атып токтотушту

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Баткен районунун Ганжак аймагында кызмат өтөп жаткан чек арачылар мамлекеттик чек ара сызыгына Kia үлгүсүндөгү автоунаанын келе жатканын байкашкан. Айдоочу кызматкерлердин автоунааны токтотуу талабына баш ийген эмес.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Чек арачылар менен УКМК кызматкерлери Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып чыгып бара жаткан автоунааны кармашты. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат катчылыгынан билдиришти.

Баткен районунун Ганжак аймагында кызмат өтөп жаткан чек арачылар мамлекеттик чек ара сызыгына Kia үлгүсүндөгү автоунаанын келе жатканын байкашкан. Айдоочу кызматкерлердин автоунааны токтотуу талабына баш ийген эмес.

"Чек арачылар мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу үчүн абага ок атууга аргасыз болгон. Айдоочу ошондо гана токтогон. Текшерүү учурунда 31 жаштагы киши Кыргызстандан Тажикстанга 1,5 тонна кургатылган тамеки алып чыгып бара жатканы белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү документтер даярдалган соң кармалган адам менен жүк компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0