Баткенде 17 үйдүн короосун суу каптап, жолдор жуулуп кеткен. Селдин видеосу

© Фото / пресс-служба МЧСКатуу жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү
Катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Сел кечээ кечинде жүргөн. Анын кесепеттерин ӨКМ кызматкерлери жоюуда, ошондой эле райондук комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун бир катар айылдарында сел жүргөнүн ӨКМ билдирди.

Билдирмеге ылайык, 1-август күнү саат 21:30дар чамасында Алыш, Валакыш жана Кызыл-Булак айылдарында сел жүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 17 турак үйдүн короосун суу каптап, ички чарбалык жолдор бузулуп, РЭС ишканасына караштуу төрт түркүк зыян тарткан.

Жеринде ӨКМ кызматкерлери иштеп, райондук комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө. Куткаруучулардан тышкары жергиликтүү тургундар тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0