Чүйдөгү тоодо жайгашкан Акпай көлү жырылып, жайлоодогулар көчүрүлдү. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРТоодо жайгашкан Акпай бийик тоолуу көлү жырылды
Тоодо жайгашкан Акпай бийик тоолуу  көлү жырылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен сел жүрүп Сокулук — Төш-Булак — Шаркыратма жолу жабылган. Сегиз малчы көчүрүлдү.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы бийик тооодо жайгашкан Акпай көлү жырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

© Фото / пресс-служба МЧС КРПрорыв озера Акпай, расположенного в ущелье Белогорка в селе Тош-Булак в Чуйской области. 02 августа 2021 года
Чүй облусунун Сокулук районундагы бийик тооодо жайгашкан Акпай көлү жырылды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чүй облусунун Сокулук районундагы бийик тооодо жайгашкан Акпай көлү жырылды
© Фото / пресс-служба МЧС КРПрорыв озера Акпай, расположенного в ущелье Белогорка в селе Тош-Булак в Чуйской области. 02 августа 2021 года
Маалыматка ылайык, мунун кесепетинен сел жүрүп Сокулук — Төш-Булак — Шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метр жолду жаап калган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Маалыматка ылайык, мунун кесепетинен сел жүрүп Сокулук — Төш-Булак — Шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метр жолду жаап калган
© Фото / пресс-служба МЧС КРПрорыв озера Акпай, расположенного в ущелье Белогорка в селе Тош-Булак в Чуйской области. 02 августа 2021 года
ӨКМ кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүп, жайлоодогу сегиз малчыны үй-бүлөсү менен көчүргөн - Sputnik Кыргызстан
3/3
ӨКМ кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүп, жайлоодогу сегиз малчыны үй-бүлөсү менен көчүргөн
1/3
Чүй облусунун Сокулук районундагы бийик тооодо жайгашкан Акпай көлү жырылды
2/3
Маалыматка ылайык, мунун кесепетинен сел жүрүп Сокулук — Төш-Булак — Шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метр жолду жаап калган
3/3
ӨКМ кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүп, жайлоодогу сегиз малчыны үй-бүлөсү менен көчүргөн

Маалыматка ылайык, мунун кесепетинен сел жүрүп Сокулук — Төш-Булак — Шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метр жолду жаап калган. ӨКМ кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүп, жайлоодогу сегиз малчыны үй-бүлөсү менен көчүргөн.

Сокулук дарыясынын нугунда болжол менен секундасына 20 куб метр суу агууда. Аны көзөмөлдөө уланууда жана жарандык коргоо күчтөрү даярдыкта турат.

Куткаруучулар атайын унаасы менен калкка кабарлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Суунун боюндагы жашоочулар үйлөрүнөн алыстап коопсуз жайларга чыгышууда.

Учурда куткаруучулар бийик тоодо жайгашкан көлмөнүн абалын көзөмөлдөө үчүн Акпай бийик тоолуу көлүнө чыгып кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0