Базар-Коргон: диний-экстремисттик уюмга мүчө-депутат 5 жылга камалды

© REUTERS / Sergei KarpukhinКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
М.А.Т. аттуу жаран митинг уюштуруп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнө "Ислам халифатын" орнотуу тууралуу билдирүү жасаган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Базар-Коргон районундагы айылдык кеңештердин биринин депутаты бийликти күч менен басып алуу жана кастыкты козутууга айыпталып беш жылга кесилди. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты
Билдирмеге караганда, былтыр 30-октябрда М.А.Т. аттуу жаран Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митинг уюштуруп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында "Ислам халифатын" орнотуу тууралуу билдирүү жасаганы үчүн кармалган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 310 ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар"), 313-беренелери ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") менен айып тагылган.

"Ал кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, "Солдат" каймана аты бар "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон", — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн натыйжасында Жалал-Абад шаардык соту 16-июлда кармалган жаранды 3 жылга чейин белгилүү кызматтарда иштөөгө тыюу салуу менен 5 жылга эркинен ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0