Бир күндө Кыргызстанда үч адам каналдагы сууга чөгүп каза болду

© Sputnik / Илья ТиминКанал. Архив
Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Көз жумгандар 30 жаштагы жигит, 18деги кыз жана 15 жаштагы бала болгон. Бирөөнүн сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам маалыматында бир сутканын ичинде өлкөдө үч адам сууга чөгүп каза болгону кабарланды.

10-августка караган түнү Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү каналга 18 жаштагы кыз түшүп кеткен. Саат 00:56да тартылган беш куткаруучу маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.

Ысык-Көлдө жигит сууга чөгүп жаткан бейтааныш кишини куткарып калды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Ысык-Көлдө сууга чөккөн кишини жаш жигит сактап калды. Видео
Ош облусунун Араван районунун Ленин айылындагы Фергана каналына 30 жаштагы жигит түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге кечээ саат 17:56да түшкөн. Жерине 19 куткаруучу, эки милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам барган. Ал Өзбекстандын аймагына агып кетти болуш керек делип, Анжиян облусунун Мархамат районунан төрт куткаруучу тартылган. Натыйжада жарандын сөөгү коңшу өлкөдөн табылды.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Комсомол айылында каналга 15 жаштагы бала чөгүп кеткендиги тууралуу кечээ эртең менен саат 7:00дө маалымат түшкөн. Ал жерге 31 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 16:50дө маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0