Куткаручуулар Токтогулда ажатканага ташталган ымыркайды алып чыгышты

© AP Photo / Teresa CrawfordЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Окуя болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу тартылып, наристени ИИМ жана Тез жардам кызматкерлерине беришкени айтылды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Токтогулда ажатканага ташталган ымыркай табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя Токтогул шаарынын Сарагүл көчөсүндө болгон. Анда турак үйдүн ажатканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салган.

Жерине ӨКМдин төрт куткаруучусу тартылып, наристени алып чыгышкан. Андан соң бөбөктү ИИМ жана Тез жардам кызматкерлерине беришкени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0