Өзгөндө арабада бараткан майыпты койдуруп качып кеткен айдоочу кармалды

© Фото / Зульфия ТургуноваӨзгөн шаарында арабада отурган майып кишини унаасы менен койдуруп из жашырып кеткен айдоочу кармалды
Өзгөн шаарында арабада отурган майып кишини унаасы менен койдуруп из жашырып кеткен айдоочу кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Айдоочу кырсыкка кириптер болгон Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн сарайына токтотуп койгон жеринен колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өзгөн шаарында арабада отурган майып кишини унаасы менен койдуруп из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

© Фото / Зульфия ТургуноваӨзгөн шаарында арабада отурган майып кишини унаасы менен койдуруп из жашырып кеткен айдоочу кармалды
Өзгөндө арабада бараткан майыпты койдуруп качып кеткен айдоочу кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Өзгөн шаарында арабада отурган майып кишини унаасы менен койдуруп из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Маалыматка караганда, окуя 8-август күнү саат 11:45тер чамасында Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө болгон. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 50 жаштагы А.Д. жолдун четинде майып арабасы менен бара жаткан. Артынан белгисиз айдоочу унаа менен коюп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткени айтылды. Жабырлануучу Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми арабасы сынып, жарактан чыккан.

Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Таласта Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу аялдаманы сүзүп каза тапты. Видео
9-август күнү Өзгөн райондук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн инспектору Калилбай уулу Аскат тарабынан качып жүргөн айдоочу — Өзгөн районунун 46 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалган. Ал кырсыкка кириптер болгон Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн сарайына токтотуп койгон жеринен колго түшүрүлгөнү айтылды.

Аталган унаа кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Машина айып короого токтотулуп, айдоочу Өзгөн РИИБине жеткирилген

Жаңылыктар түрмөгү
0