Жалал-Абадда 400 бука багылган сарай жем-чөбү менен күйүп кетти. Видео

© Фото / пресс-служба МЧСЖалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда жайгашкан чоң сарай күйүп кетти
Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда жайгашкан чоң сарай күйүп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
ӨКМдин билдиришинче, өрт бүгүн, 11-августта, саат 11:00дөр чамасында чыгып, беш өрт өчүрүүчү бригада тартылган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда жайгашкан чоң сарай күйүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Сарайдын ээси Маккамбай Дарбановдун айтымында, ичинде 400дөй бука багылып жаткан. Кыш мезгили үчүн камдалган чөп, кампасындагы жем да күйүп кеткен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

Ал эми ӨКМдин билдиришинче, өрт бүгүн саат 11:00дөр чамасында чыгып, беш өрт өчүрүүчү бригада тартылган.

"Букаларды караган беш үй-бүлө да ушул жерде жатып иштеп келген. Жалын чыга баштаганда айылдаштар малды сарайдан алып чыгып кеткен. Жабыркаган адамдар болгон жок. Сарайдын чатыры да жарактан чыккан. Өрт электр зымдарынын туташуусунан чыккан болушу мүмкүн", — деди сарайдын ээси.

Өрт өчүрүүчүлөргө Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгынын унаасы да суу ташып берүүгө көмөктөшкөн. Учурда жалын толугу менен өчүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0