Базар-Коргондо эки жашар кыз агасынын унаасынын алдында калып көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаа. Архив
Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Окуя 11-август күнү саат 19:00дөр чамасында болгон. Анда 25 жаштагы жигит Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын жууп, жылдырып жатканда бөбөк унаанын дөңгөлөгүнө кыпчылып калган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Базар-Коргон районунда эки жаштагы бөбөк унаанын алдында калып көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, окуя 11-август күнү саат 19:00дөр чамасында болгон. Анда Базар-Коргон районунун Аук айылында Э.Ш. аттуу 25 жаштагы жигит Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын жууп, жылдырып жаткан учурда бир тууган агасынын эки жаштагы Х.А. аттуу кызы дөңгөлөккө кыпчылып калган.

"Бөбөк Базар-Коргон райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок эртеси, 12-августта, өзүнө келбей эки жашар кыз чарчап калган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча көз жумган кыздын ата-энеси эч кимге доосу жок экендигин айтып, арыз жазуудан баш тартканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0