Гаитиде жер титирөөдөн 300дөн ашуун адам көз жумду. Сүрөт, видео

© REUTERS / STRINGERГаитидеги жер титирөөдөн кыйраган үйлөр
Гаитидеги жер титирөөдөн кыйраган үйлөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Гаитиде ишембиден бери жер титиреп жатат. Алгач жети баллдык, андан кийин беш баллдык силкинүүлөр катталган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Гаити өлкөсүндө күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, 300дөн ашуун киши көз жумду. Бул тууралуу Европалык-Жер Ортолук деңизинин сейсмологиялык борборуна (EMSC) таянуу менен РИА Новости жазды.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча ишемби күнү эртең менен катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, 304 киши каза тапса, 1 800дөн ашык киши жабыр тарткан.

Алгач 7,2 баллдык жер титирөө болгон. Андан кийин 5,2 жана 5,8 баллдык бир нече жер титирөөлөр кайталанган.

Жаңылыктар түрмөгү
0