Бишкектеги KFC ресторанында атышуу болуп, милиция шектүүлөрдү издөөдө

© AP Photo / Charles Rex ArbogastПолигон Caliber Tactical Gun Range в Вокегане
Полигон Caliber Tactical Gun Range в Вокегане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Тартип сакчылары окуя болгон жерге барып алгачкы процессуалдык аракеттерди көрүшкөн. Жазык кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Милиция Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндөгү KFC ресторанында атышкандарды издеп жатат.

Октябрь райондук милициясы интернетте ресторандын унаа токтотуучу жайында кишилер чогулуп, атышуунун үнү угулган видео тараганын белгилешти. Окуя 8-августта болгон.

ИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, бир катар алгачкы процессуалдык аракеттерди көрүшкөн.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси менен ("Бейбаштык") кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөр изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0