Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыгы

Кубакыдагы жол кырсыгынан каза болгон 7 адам айылдаш болгон. Чоо-жайы

990
(жаңыланган 11:42 18.08.2021)
Алдын ала маалыматтар боюнча, MAN үлгүсүндөгү унаа ылдый түшүп келе жатканда тормозу кармабай калган. Мындан улам жолдун каршы тилкесине чыгып жүргүнчү ташыган Sprinter менен кагышкан.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан каза болгон жети адамдын баары Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынан болушкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов билдирди.

Эске салсак, 17-август күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Тоң районундагы бөлүгүндө (Кубакы ашуусу) жүргүнчү ташуучу Sprinter менен MAN үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, MAN үлгүсүндөгү унаа ылдый түшүп келе жатканда тормозу кармабай калган. Мындан улам жолдун каршы тилкесине чыгып, жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү бус менен кагышкан. Эки автоунаа тең аласалып кеткени айтылды. Кырсыктан жети адам көз жумган, анын бешөө ошол жерден мүрт кетсе, экөө ооруканадан үзүлгөн.

Жол кырсыктан көз жумгандар:

  • 74 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 54 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 45 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 27 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 60 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 62 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну;
  • 4 жаштагы бөбөк, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну.

Азыркы тапта 16 адам Кочкор райондук жана Балыкчы шаарындагы ооруканаларда экени маалым болду. Алардын ичинде эки унаанын айдоочулары да бар.

Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.

990
Белгилер:
Кубакы ашуусу, жол кырсык, өлүм
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (194)
Тема боюнча
Ысык-Көлдө Sprinter менен MAN кагышкан кырсыктан 5 адам көз жумду
Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан каза болгондордун саны жетиге жетти
Өрттөнгөн унаа. Архивдик сүрөт

ӨКМ: Бишкекте түн ортосунда эки автоунаа өрттөндү. Видео

58
(жаңыланган 10:49 01.12.2021)
Саат 3.20да чыккан өрт 20 мүнөттөн кийин чектөөгө алынып, 4:08де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте өткөн түнү катар турган эки автоунаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Министрликтин Facebook тармагындагы баракчасына окуя болгон жерден тартылган видео жүктөлдү.

"1-декабрга караган түнү саат 03:20лар чамасында Худайбергенов көчөсүндө жолдун жээгинде токтоп турган Mercedes-Benz жана Toyota Camry үлгүлөрүндөгү автоунаалардан өрт чыкты. Биринчи машина толугу менен өрттөнсө, экинчисинин бампери күйгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Өрт саат 03:50дө чектөөгө алынып, 4:08де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын себеби такталууда.

58
Белгилер:
Бишкек, автоунаа, ӨКМ, өрт, видео
Тема боюнча
Мэрия: Бишкекте өрт кырсыгы жана андан каза болгондордун саны өсүүдө
Чычканда өрттөнгөн бензовоздун ичинен кишинин сөөгү табылды. Кырсыктын сүрөтү
Стамбул шаарында бороон-чапкын болгон убакта бараткан адамдар

Түркияда катуу бороон-чапкындан улам алты киши мерт болду. Видео

187
(жаңыланган 16:53 30.11.2021)
Шамалдын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен. Анын айынан чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында жана бир катар аймактарында бороон-чапкындын кесепетинен каза болгондордун саны алтыга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин Стамбулда ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен катуу бороон болгону кабарланган. Катуу шамалдан улам чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган. Дагы төрт киши каза болгону айтылган. 

Ал эми Кожаэли провинциясынын администрациясынын маалыматы боюнча, урандылардын астында калган бир адам каза болуп, сегизи жаракат алган.

Зонгулдак облусунда дагы бир адам мерт болгону айтылды.

187
Белгилер:
Түркия, Стамбул, бороон, шамал, адам, өлүм, кырсык
Тема боюнча
Журналист өмүрүн тобокелге салып репортаж жасаган видео
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

0
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова онкологиялык илдетке чалдыккандарга жылдап дарыланууга туура келерин белгиледи.

Онкологияга чалдыккандар дары-дармек, медициналык жабдуу алуу үчүн каржылык жана кан донорлорунун жардамына муктаж. Бул тууралуу Жылдыз Жумагулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

Анын айтымында, онкологияга чалдыккандар үчүн өкмөт тарабынан каржы бөлүнөт, бирок ал жетишсиз.

"Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу чакан болгондуктан көп компаниялар акыркы чыккан дарыларды алып келүүгө кызыкдар эмес. Башка ооруларга салыштырмалуу онкологияга чалдыккандар жылдап дарыланат. Ошондуктан бир жылга ченеп алынган дарылар кээде жетишсиз болуп калат. Мындан тышкары, медициналык жабдууларга дагы муктаждык күч. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн элдин көмөгү зарыл. Мисалы, балага диагноз коюлганда ата-энеге психологиялык дагы көмөк керек. Анткени муну кабыл алуу абдан оор болот. Ошондой эле тромбоциттик масса менен камсыздоонун наркы дагы жогору. Анткени ал он чакты донордун канынан даярдалат. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү барлар онкологиялык илдетке чалдыккандарга деп кан тапшырса, бул дагы бир адамдын өмүрүн сактаганга жардам болот. Мындан тышкары, өлкөдө полиативдик көмөк дагы жөнгө салынган эмес. Аталган дартка чалдыккандар толук кандуу сакайбай калган учурлар кездешет. Онкологиялык илдетте чыдатпаган оору болот. Аны басаңдатуу үчүн наркотикалык багыттагы дарылар жазылат. Аны рецептсиз жок алуу мүмкүн эмес. Айрым медиктер муну жазып бербей койгон учурлар кездешет. Мына ушул багыттагы көмөктү дагы жолго салуу зарылдыгы бар", — деди Жумагулова.

Ошондой эле ал онкологиялык ооруга чалдыккандар табыптарга барып, дарыгерлерге кеч кайрылып калган учурлар да болуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан радиосу онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында башталган алгачкы ири радиомарафонго катышты. Чогулган каражат долбоордун алкагында оорулууларга жана аларды дарылап жаткан дарыгерлерге жумшалат.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

 

0
Тема боюнча
Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат