УКМК COVID илдетинен таза деп жасалма маалымкат саткан өзбекстандыкты кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого
Арест подозреваемого - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Акыркы убакта кошуна мамлекеттердин жарандары тарабынан COVID-19га карата жасалма справкалар менен чек арадан өтүү аракеттери көбөйгөнү белгиленет.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы "Маданият-автодорожный" чек ара өткөрмө жайынан коронавирустан таза деген жасалма ПЦР-тесттин справкасын сатып жүргөн өзбекстандыкты кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Чүй милициясы коронавируска карата жасалма справка саткандарды кармады
56 жаштагы М.А. аттуу кыргызстандык аял Өзбекстанга жөнөп, өзбек чек арачыларынан өтө алган эмес. Анын коронавируска карата тапшырган ПЦР-тестинин жыйынтыгы боюнча справкасы жасалма болуп чыккан.

М.А. мындай кагазды Кыргызстандын аймагында өткөрмө пунктуга жакын жерден алганын айткан. Ал жактан чек арадан өткөндөргө жасалма справкаларды сатып келишкен.

Чек арачылар Б.М. аттуу 25 жаштагы адамды кармаган. Ал Өзбекстандын жараны болуп чыкты. Такталгандай колго түшкөн адам ар бир справканы 80 000 өзбек сумуна (640 сом) саткан. Анын жанында дагы жети жасалма документ болгон.

Шектүү териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүп берилди.

"Акыркы убакта кошуна мамлекеттердин жарандары тарабынан ПЦР-тест таза экендиги тууралуу жасалма тастыктамалар жана COVID-19дан эмделгендиги боюнча жасалма справкалар менен чек арадан өтүү аракеттери көбөйгөнүн белгилейбиз. Бул фактылар боюнча маалыматтар тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн эки өлкөнүн Чек ара кызматтарына жиберилет. Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагына келгенде жарандар өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-карантиндик постунун (СКП) кызматкерлерине коронавирустан таза деген же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү боюнча справканы көрсөтүү керектигин эскертебиз. Дарыгерлердин өлкөгө кирүүгө уруксатын алгандан кийин жарандар чек ара көзөмөлүнүн кабиналарына барышы керек", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген документтерди (жарандын паспортун, жашы жете электердин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү) гана текшерет.

Жаңылыктар түрмөгү
0