Оодарылып кеткен унаа. Иллюстративдик сүрөт

Тетиктери чачырап кеткен. Бишкектеги жол кырсыктан бир адам набыт болду. Видео

576
(жаңыланган 20:46 20.08.2021)
Түштүк магистралда катуу келе жаткан унаа оодарылып кетип, бир адам набыт болду. Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкекте жеңил автоунаа жол кырсыгына учурап, айдоочу окуя болгон жерден дароо көз жумган. Бул тууралуу "Короче" телеграмм-каналы жазды.

Кырсык бүгүн, 20-августта, кечки саат 19:00дөр чамасында Токомбаев (Түштүк магистраль) жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодон унаа жолдон чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кырсыктан улам айдоочу Тез жардам кызматы келгиче эле каза болгон. Окуянын күбөсү билдиргендей, жеңил автоунаа өтө катуу ылдамдыкта келе жаткан. Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Кайгуул күзөт кызматы маалыматтарды тактоого киришти.

576
Белгилер:
жол кырсык, унаа, айдоочу, өлүм, түштүк, магистраль
Тема боюнча
Ат-Башыда оодарылып кеткен унаадагы бир киши каза таап, экөө жабыркады
Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан каза болгондордун саны жетиге жетти
Кубакыдагы жол кырсыгынан каза болгон 7 адам айылдаш болгон. Чоо-жайы
Мотоциклчен киши. Архивдик сүрөт

Мотоциклчен киши аэропортко кеткен трассадан жөө адамды коюп, жол жабылды

140
(жаңыланган 23:34 19.09.2021)
Жолго 50дөй киши топтолуп ызы-чууга түштү. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 50 жаш курагындагы киши каза болду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Манас" аэропортуна кеткен жолдо мотоциклчен киши жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милиция билдирди.

Окуя бүгүн саат 20:00дө болгон. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жөө киши набыт болгон. Болжол менен ал 50 жашта. Активист Болот Ибрагимов авариядан кийин тартылган видеону соцтармакка жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Кадрдан жол убактылуу жабылып калганын көрүүгө болот. Топтолгон 50дөй киши ызы-чууга түшкөн. Милициянын божомолу боюнча, алар жергиликтүү тургундар менен мотоциклчен кишинин достору болушу мүмкүн.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы саат 21:00дөр чамасында Манас айылынын жашоочулары Бишкек — аэропорт жолун тосуп, жол кырсыктарына нааразычылыктарын билдиришкенин кабарлады.

"Учурда милиционерлер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деди ОИИББден.

Түнкү саат 11лер чамасында эл тарай элек болчу.

140
Белгилер:
Бишкек, милиция, жол кырсык, мотоцикл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты
Нью-Йоркто музейге келген бет капчан балдар. Архивдик сүрөт

ЖМК: АКШда балдар массалык түрдө RSV вирусун жуктуруп жатат

96
(жаңыланган 14:18 19.09.2021)
Ооруга чалдыккандардын саны көбүнчө кыш мезгилинде көбөйө турганы, бирок учурда бейтаптар адаттагыдан көп болуп жатканы кабарланды.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Вашингтондогу балдарды кабыл алган эки оорукана респиратордук-синцитиалдык вирусту (RSV) жуктуруп алгандардын саны көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу Washington Post жазды.

Дарыгерлердин айтымында, инфекция көбүнчө дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана мурундун бүтүшү менен коштолот. Ал айрым учурда дем алуунун кыйындашына, бронхиалит оорусуна, тагыраагы, кекиртек бутактарынын өпкө менен кошулган жерин сыртынан эмес ичинен жабыркатат.

Ооруга чалдыккандардын саны көбүнчө кыш мезгилинде көбөйө турганы, бирок учурда бейтаптар адаттагыдан көп болуп жатканы да белгиленди.

Дарыгерлер RSV вирусунун өсүшүнө COVID-19 пандемиясы таасир эткенин айтышкан. Өткөн кышта массалык иш-чараларга тыюу салынганына байланыштуу респиратордук-синцитиалдык вирус менен сезондук сасык тумоо өтө аз катталганын да билдиришкен. Анткен менен айрым чаралар жумшартылгандан кийин марттан бери дельта-штаммы менен эле жарыш өскөн.

АКШнын борборунда жайгашкан Балдардын улуттук госпиталынын статистикасы боюнча, жандандыруу бөлүмүндө RSV чакырган бронхиолит менен ооругандар коронавируска караганда эки эсе көп.

Өз кезегинде педиатр Дэн Финкельштейн ата-энелерди аталган вирус менен коронавирус инфекциясынын байланышы тынчсыздандырып жатканын айтат. Медиктин айтымында, RSV мурдагыдай коркунучтуу эмес, ак халатчандар эми экөөнү тең дарылоону колго алмакчы.

Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча, бир жашка чейинки балдар көбүнчө RSV вирусунан пневмония болот. Инфекция өпкөгө терең киргенде бейтаптардын дем алуусу кыйындайт, бул учурда ооруканага жаткырып, кычкылтек бет кабын тагып жүрүшөт.

96
Белгилер:
АКШ, вирус, оору, балдар
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин коронавирустан улам обочолонуп иштөөгө өттү
Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн очогу пайда болду
Комуз. Архивдик сүрөт

Ош шаарында төкмө акындардын айтышы өтөт

0
Мэрия шаардыктарды жана анын конокторун акындарды колдоп жана айтыштан эргүү алып кетүүгө чакырды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ош шаарында 23-сентябрда республикалык төкмө акындардын "Ак таңдай-2021" деп аталган айтышы башталат. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

Бул сынак "Алтын комуз" байгесине арналганы айтылды.

"22-сентябрда "Санжыра" эс алуу жайында тандоо туру, ал эми 23-сентябрда Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында "Ак таңдай-2021" республикалык төкмө акындардын айтышы башталат", — деп жазылган маалыматта.

Мэрия шаардыктарды жана анын конокторун акындарды колдоп жана айтыштан эргүү алып кетүүгө чакырды.

Ага тиркелген жарнама видеодо Мамлекеттик тил күнү жана Ош шаарынын күнүн утурлай уюштурулган бул иш-чараны "Ак таңдай" коомдук фонду, Ош шаардык мэриясы жана ЭлТР каналы биргелешип уюштургандыгы кабарланган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Ош шаары
Тема боюнча
Кыргыз-казак эл аралык айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды