Бишкекте Porsche айдап бараткан 31 жаштагы киши бордюрду сүзүп көз жумду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УПСМ КРДТП на проспекте Токомбаева в Бишкеке
ДТП на проспекте Токомбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Окуя кечээ кечинде борбордогу Масалиев көчөсүндө болгон. Милиция айдоочу рулду башкара албай калганын билдирди.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкекте Porsche Boxster автоунаасынын 31 жаштагы айдоочусу жол жээгиндеги бордюр менен мамычаны сүзүп көз жумду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди. 

© Фото / пресс-служба УПСМ КРДТП на проспекте Токомбаева в Бишкеке
Бишкекте Porsche айдап бараткан 31 жаштагы киши бордюрду сүзүп көз жумду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
ДТП на проспекте Токомбаева в Бишкеке

Каргаша кечээ, 20-август күнү, болжол менен саат 18:30дар чамасында болгон.

"1990-жылы туулган С.А. аттуу айдоочу Масалиев көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып рулду башкара албай жол жээгиндеги бордюрду, андан кийин мамычаны сүзүп токтогон. Ал окуя болгон жерде көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жол кырсыгынын себеби аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0