228 адам вирус жугузуп, 5 киши каза болду. Соңку статистика

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЛечение больных с Covid-19 в больнице скорой помощи в Волгограде
Лечение больных с Covid-19 в больнице скорой помощи в Волгограде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Азыркы тапта стационарларда 1 375, ал эми амбулатордук шартта 2 159 адам дарыланып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 228 адамдан аныкталып, 394 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 152;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 27;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 2.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 174 148ге жетти. Анын ичинен 166 702 киши дартты жеңген.

Тилекке каршы, өткөн суткада оору беш адамдын өмүрүн алган. Жалпысынан 2 489 киши коронавирустун курмандыгы болгон. Азыркы тапта стационарда 1 375, ал эми амбулатордук шартта 2 159 адам дарыланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0