Суусамырда болгон автокырсык

Суусамырда автокырсыктан көз жумган 8 кишинин ким экени аныкталды. Тизме

832
(жаңыланган 10:04 24.08.2021)
Үрөй учурган жол кырсыктан каза тапкандар Токтогул районундагы Үч-Терек, Өзгөрүш жана Терек-Сай айылдарынын жашоочулары болуп чыкты.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кечээ Бишкек — Ош жолунда, тагыраагы, Суусамыр өрөөнүндөгү автокырсыктан каза болгон 9 кишинин баары Токтогул районунун тургундары экени жана алардын ким экени аныкталды. Бул туурасында Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Милициядан алардын Бишкектен Токтогулду көздөй такси менен бара жаткандыктарын кошумчалашты. 

  • Айдоочу, 38 жашта, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 56 жаштагы жүргүнчү аял, Үч-Терек айылынын тургуну;
  • 53 жаштагы жүргүнчү аял, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 65 жаштагы жүргүнчү аял, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 43 жаштагы жүргүнчү аял, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 70 жаштагы жүргүнчү аял, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 18 жаштагы жүргүнчү кыз, Терек-Сай айылынын тургуну;
  • 1 жашар кыз, Өзгөрүш айылынын тургунунун кызы;

Ал эми тогузунчу адамдын ким экени азырынча белгисиз болуп жатат.

  • ДТП в Суусамырской долине, на 201-м километре трассы Бишкек — Ош, где столкнулись автомобили марки Honda Stepwgn и Volvo. 23 августа 2021 года
    Кечээ Бишкек — Ош жолунда, тагыраагы, Суусамыр өрөөнүндөгү автокырсыктан каза болгон 9 кишинин баары Токтогул районунун тургундары экени жана алардын ким экени аныкталды
    © Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
  • ДТП в Суусамырской долине, на 201-м километре трассы Бишкек — Ош, где столкнулись автомобили марки Honda Stepwgn и Volvo. 23 августа 2021 года
    Бул туурасында Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын маалымат кызматынан кабарлашты
    © Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
  • ДТП в Суусамырской долине, на 201-м километре трассы Бишкек — Ош, где столкнулись автомобили марки Honda Stepwgn и Volvo. 23 августа 2021 года
    Ал эми тогузунчу адамдын ким экени азырынча белгисиз болуп жатат
    © Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
  • ДТП в Суусамырской долине, на 201-м километре трассы Бишкек — Ош, где столкнулись автомобили марки Honda Stepwgn и Volvo. 23 августа 2021 года
    Эске салсак, кечээ, 23-августта, Бишкек — Ош жолунда Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалар кагышып, андан алты аял, эки эркек жана бир жашар кыз көз жумган
    © Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
1 / 4
© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
Кечээ Бишкек — Ош жолунда, тагыраагы, Суусамыр өрөөнүндөгү автокырсыктан каза болгон 9 кишинин баары Токтогул районунун тургундары экени жана алардын ким экени аныкталды

Эске салсак, кечээ, 23-августта, Бишкек — Ош жолунда Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалар кагышып, андан алты аял, эки эркек жана бир жашар кыз көз жумган.

832
Белгилер:
Кыргызстан, Токтогул району, Бишкек - Ош жолу, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (159)
Тема боюнча
Ичи толгон маршрутка жеңил автоунаа менен кагышып, оодарылып калды. Видео
Чүйдөгү жүрөк үшүн алган кырсык. Ооруканага жеткирилген кыз да каза болду
Бала көтөргөн аял. Архив

Индиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМ маалымат берди

108
(жаңыланган 23:29 22.09.2021)
Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында баласы менен чогуу киши колдуу болгон келиндин өлүмү тууралуу комментарий берди.

Буга чейин 28 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келин Нью-Дели шаарында бир жашар уулу менен чогуу өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

“Тергөөнүн маалыматы боюнча, келин курбусунун үйүндө 21-сентябрга караган түнү киши колдуу болгон. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, полиция кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр суракка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

Элчилик бул ишти өз көзөмөлүнө алып, учурда сөөктөрдү Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

108
Белгилер:
Индия, Кыргызстан, келин, бала, өлүм, ТИМ
Тема боюнча
Аялдын өлүмүнө себепчи болгон мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыкты

Вулкандын укмуштуудай атылышы: тоодой чок бут алдыңа жылып келе жаткан видео

138
Сицилиядагы атактуу Этна жанар тоосу кайрадан атылып, адамзатка, жан-жаныбарга табияттын, өзүнүн эбегейсиз күчүн көрсөтүп жатат.

YouTube-каналга 21-сентябрь деген дата менен жарыяланган вулкандын видеосу кишини кайдыгер калтырбайт.

RT Этна вулканынын атылышынан кийинки бир нече чакырымга жеткен чаң жергиликтүү аэропорот менен социалдык кызматтардын ишин татаалдантканын кабарлады. Маалыматта анын түтүнү менен чаңы 9 чакырым бийиктикке жеткени айтылды.

Учурда кратердин түндүк-батыш жагында лава агып, туристтер бул өзгөчө көрүнүшкө суктанганын түгөтө албай жүргөнүн кадрлардан көрүүгө болот.

138
Белгилер:
Сицилия, Этна, жанар тоо, лава, турист
Тема боюнча
Жер жамынган кызыл ажыдаар жылып келе жаткандай. Испаниядагы лаванын видеосу
Дзюдочулар беттеш учурунда. Архив

Кыргызстанда Дзюдо эл аралык академиясы ачылат

0
Күрөш академиясынын расмий ачылыш аземи 1-октябрга белгиленип, ага балдар, чоңдор, ошондой эле дзюдо менен машыгууну каалагандар чакырылат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстанда Дзюдо эл аралык академиясы ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук дзюдо федерациясы билдирди.

Күрөш академиясынын расмий ачылыш аземи 1-октябрга белгиленип, ага балдар, чоңдор, ошондой эле дзюдо менен машыгууну каалагандар чакырылат.

Академиядагы сабактар профессионал спортчулар үчүн эле эмес, ден соолугуна кам көргөн, спорттун бул түрүн өздөштүрүүнү же келечектеги олимпиада чемпиону болууну каалаган бардык адамдар үчүн ылайыктуу.

"Академия — бул бүтүндөй үй-бүлө үчүн спорттук комплекс. Борбордо сиздин каалооңузду жана балаңыздын каалоолорун угушат, ар бир ышкыбозго ылайыктуу болгон жеке окутуу-машыгуу планы түзүп берилет", — деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар дзюдо спорту булчуңду гана өстүрбөстөн мүнөздү дагы тарбиялай турганын белгилешти.

0
Белгилер:
дзюдо, академия, ачылыш, спорт, күрөш
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан кубогунун ээси аныкталды
Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады. Сүрөт