Баткен: кырсыктан айдоочу мүрт кетип, автоунаанын жарымы талкаланган. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРБаткенде болгон жол кырсык
Баткенде болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Honda Stepwgn автоунаасынын айдоочусу оор жүк ташуучу КамАЗды артынан келип сүзүп, автокөлүктүн жарымы талкаланып кеткен.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районундагы жол кырсыктан 26 жаштагы айдоочу каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ош — Баткен — Исфана жолунун 112-чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу оор жүк ташуучу КамАЗды артынан келип сүзүп, автокөлүктүн жарымы талкаланып кеткен.

Кырсык болгон жерге беш куткаруучу барып, маркумдун сөөгүн чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп бергени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0