Муштумун көрсөткөн киши. Архивдик сүрөт

Кайрадан мигранттар мушташып, 14 киши кармалды. Петербургдагы окуя

380
(жаңыланган 18:00 25.08.2021)
Чатакташууга кеминде 25 киши аралашкан. Маалыматтарга караганда, полиция бир кыргызстандыкты кармаган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарынын чет жакасында Борбор Азиядан келген мигранттар мушташып, бирөө бычак жеди. Бул тууралуу "Московский комсомолец" басылмасы жазды. 

Жапырт мушташ Красносельский районунда болуп, ага баш-аягы 25 кишинин катышканы айтылды. Уруштан өзбекстандык 22 жаштагы жаран көкүрөк жагына бычак жеп, ооруканага түшкөн. Басылма анын абалы оор экенин жазды.

Россиялык ЖМКлардын маалыматына таянсак, мушташтан соң 14 мигрант кармалган. Алардын тогузу өзбекстандык, төртөө тажикстандык жана бирөө кыргызстандык экени кабарланды. Беш кишиге Россияда жүрүү тартибин сактабаганы үчүн 500 рублден айып салынган, сегизин кайра келесиңер деген талап менен бошотушкан, ал эми бирөө камакта калган. Окуя боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Буга чейин 2021-жылдын 12-июлунда Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунда көп мигранттардын мушташы болгон эле. Россиядагы телеканалдардын бири 180дей кишинин мушташын көрсөткөн. 11-июлда Химкиде тажик мигранттары кыргызстандыктарды бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан.

Жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, андан сырткары, кармалгандарды 15 күнгө камаган. Ал эми 14-августта 26 мигрант Кыргызстанга депортацияланган.

КРдин Ички иштер министрлигинин РФтеги өкүлчүлүгү мигранттарга кайрылып, мекендештерди Россиянын аймагында улуттук маселелерге тиешелүү жалган билдирүүлөрдү таратпоого жана бул өлкөнүн мыйзамдарын так аткарууга чакырган.

380
Белгилер:
Россия, Санкт-Петербург, Мигрант, мушташ, депортация
Тема боюнча
Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы рекорддук көрсөткүчкө жетти
Россиядагы мигранттар манжа издерин милдеттүү түрдө тапшыра баштайт
Мотоциклчен киши. Архивдик сүрөт

Мотоциклчен киши аэропортко кеткен трассадан жөө адамды коюп, жол жабылды

100
(жаңыланган 23:34 19.09.2021)
Жолго 50дөй киши топтолуп ызы-чууга түштү. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 50 жаш курагындагы киши каза болду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Манас" аэропортуна кеткен жолдо мотоциклчен киши жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милиция билдирди.

Окуя бүгүн саат 20:00дө болгон. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жөө киши набыт болгон. Болжол менен ал 50 жашта. Активист Болот Ибрагимов авариядан кийин тартылган видеону соцтармакка жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Кадрдан жол убактылуу жабылып калганын көрүүгө болот. Топтолгон 50дөй киши ызы-чууга түшкөн. Милициянын божомолу боюнча, алар жергиликтүү тургундар менен мотоциклчен кишинин достору болушу мүмкүн.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы саат 21:00дөр чамасында Манас айылынын жашоочулары Бишкек — аэропорт жолун тосуп, жол кырсыктарына нааразычылыктарын билдиришкенин кабарлады.

"Учурда милиционерлер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деди ОИИББден.

Түнкү саат 11лер чамасында эл тарай элек болчу.

100
Белгилер:
Бишкек, милиция, жол кырсык, мотоцикл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты
Нью-Йоркто музейге келген бет капчан балдар. Архивдик сүрөт

ЖМК: АКШда балдар массалык түрдө RSV вирусун жуктуруп жатат

93
(жаңыланган 14:18 19.09.2021)
Ооруга чалдыккандардын саны көбүнчө кыш мезгилинде көбөйө турганы, бирок учурда бейтаптар адаттагыдан көп болуп жатканы кабарланды.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Вашингтондогу балдарды кабыл алган эки оорукана респиратордук-синцитиалдык вирусту (RSV) жуктуруп алгандардын саны көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу Washington Post жазды.

Дарыгерлердин айтымында, инфекция көбүнчө дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана мурундун бүтүшү менен коштолот. Ал айрым учурда дем алуунун кыйындашына, бронхиалит оорусуна, тагыраагы, кекиртек бутактарынын өпкө менен кошулган жерин сыртынан эмес ичинен жабыркатат.

Ооруга чалдыккандардын саны көбүнчө кыш мезгилинде көбөйө турганы, бирок учурда бейтаптар адаттагыдан көп болуп жатканы да белгиленди.

Дарыгерлер RSV вирусунун өсүшүнө COVID-19 пандемиясы таасир эткенин айтышкан. Өткөн кышта массалык иш-чараларга тыюу салынганына байланыштуу респиратордук-синцитиалдык вирус менен сезондук сасык тумоо өтө аз катталганын да билдиришкен. Анткен менен айрым чаралар жумшартылгандан кийин марттан бери дельта-штаммы менен эле жарыш өскөн.

АКШнын борборунда жайгашкан Балдардын улуттук госпиталынын статистикасы боюнча, жандандыруу бөлүмүндө RSV чакырган бронхиолит менен ооругандар коронавируска караганда эки эсе көп.

Өз кезегинде педиатр Дэн Финкельштейн ата-энелерди аталган вирус менен коронавирус инфекциясынын байланышы тынчсыздандырып жатканын айтат. Медиктин айтымында, RSV мурдагыдай коркунучтуу эмес, ак халатчандар эми экөөнү тең дарылоону колго алмакчы.

Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча, бир жашка чейинки балдар көбүнчө RSV вирусунан пневмония болот. Инфекция өпкөгө терең киргенде бейтаптардын дем алуусу кыйындайт, бул учурда ооруканага жаткырып, кычкылтек бет кабын тагып жүрүшөт.

93
Белгилер:
АКШ, вирус, оору, балдар
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин коронавирустан улам обочолонуп иштөөгө өттү
Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн очогу пайда болду