Бири таксист болгон. Жасалма ПЦР-тест сатууга шектелгендер кармалды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүВакцинация животных от COVID-19
Вакцинация животных от COVID-19  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Тергөөнүн алдын ала жыйынтыгына караганда, шектүүлөрдүн бири көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында таксист болуп иштеп, кардарларды экинчисине таап берип турган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Чүй облусундагы чек арадан өткөндөргө жасалма ПЦР-тест саткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин маалымат кызматынан кабарлады. 

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЖасалма ПЦР-тест саткан жаран кармалды
Бири таксист болгон. Жасалма ПЦР-тест сатууга шектелгендер кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жасалма ПЦР-тест саткан жаран кармалды

Тартип коргоо органдарынын мындай иштерди жүргүзүшүнө интернет айдыңга чыккан жасалма ПЦР-тест боюнча журналисттик иликтөө себеп болгон. Материал жарыялангандан кийин милиция кызматкерлери аны карап чыгып, Аламүдүн райондук ИИБинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 359-беренеси менен ("Документтерди жасоо") катталган.

Жарыяланган фактыларды текшерүү максатында тартип коргоо кызматкерлери бир нече тергөө жана ыкчам иштерди жүргүзгөн. Анын натыйжасында журналисттик иликтөөдө көрсөтүлгөн жарандардын аты-жөнү такталган. Алар 25 жаштагы А.Б. жана Б.А. аттуу жарандар болуп чыгып, шектүү катары экөө тең Ысык-Ата райондук ИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

"Тергөөнүн алдын ала жыйынтыгына караганда, шектүүлөрдүн бири көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында таксист болуп иштеп, кардарларды таап, экинчи шектүү менен жолуктуруп турган. Ал жасалма ПЦР-тестти даярдаган. Шектүү ар бир тест үчүн 1300 сомду өзүнө калтырып, арткан сумманы Б.А. аттуу шектүү алып турган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Чүй облустук ИИБинин криминалдык милициясы аталган аймактан бул сыяктуу фактыларды аныктоо максатында иш жүргүзүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0