Милиционердин тапанчасынан 32 жаштагы айдоочу каза болду. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиционер. Архив
Милиционер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Каргаша Бишкек шаарында болгон. Милициянын маалыматына караганда, автоунаа каршы тилке менен келе жатканы үчүн токтотулган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Борбор калаада Кайгуул кызматынын инспекторуна таандык табелдик куралдан ок жеп 32 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлап, окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маалыматта каргаша 27-август күнү болжол менен саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгону айтылат. Toyota RAV4 автоунаасы менен каршы тилкеде келе жаткан айдоочуну Д.Ж. аттуу инспектор токтоткон. Протокол толтурулуп жаткан маалда милиционер менен жаңжалдаша кеткен А.Ч. аттуу айдоочу документин калтырып коюп кетип калган.

"Бир аз убакыт өткөндөн кийин А.Ч. кайра кайтып келип, урушуп, Кайгуул милициясынын инспекторуна басым жасай баштаган. Андан соң күч колдонуу менен милиционердин табелдик тапанчасын алууга аракет кылган. Дал ошол маалда кокусунан куралдан ок чыгып, айдоочуга тийген. Натыйжада ал каза болуп калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Свердлов районунун ИИБи тарабынан каттоого алынды. Окуя болгон жерге ИИМ, ШИИБ жана райондук прокуратуранын жетекчилиги чыгып кеткен.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы окуяны териштире баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0