Жаңы үйлөнгөндөр. Архив

Мушташкан эмес! Милиционер атып салган айдоочунун аялы видео кайрылуу жасады

426
(жаңыланган 14:40 28.08.2021)
Келиндин айтымында, Чыңгыз инспектор менен кармаша кетти деген маалымат тарап жаткандыктан ал бул кайрылууну жолдоого аргасыз болду.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул кызматынын инспекторуна тиешелүү куралдан каза тапкан 32 жаштагы Чыңгыздын келинчеги окуя боюнча буга чейин айтылган маалыматтарды төгүндөгөн видео кайрылуу таратты.

Анын айтымында, Чыңгыз инспектор менен кармаша кетти деген маалымат тарап жаткандыктан бул кайрылууну жолдоого аргасыз болгон.

Буга чейин Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы "айдоочу биринчи чатак чыгарып, инспектордун куралын алууга аракет кылган" деген маанидеги билдирүү тараткан.

"Мен ал жерде болгом. Намаздан кийин мечиттен чыккам. Баарын өз көзүм менен көргөм. Айтылып жаткандай мушташ болгон эмес. Чыңгыз (маркумдун аты — ред.) инспектордон курал талашкан эмес. Жараткандан корксоңор боло!" — деди кыз.

Анын айтымында, экөө айтыша кеткен соң инспектор куралын алып чыгып айдоочуну атып салган.

"Кол салуу, мушташ болгон эмес. Айтыша кеткен үчүн эле инспектор куралы менен Чыңгызды көздөй ок чыгарды. Андан соң кесиптештери менен туруп алып эмнеге атканын, эмне себептен өзүн кармабаганын талкуулашты. Тез жардамды дагы дароо чакырышкан жок. Кан жерге жайылганда гана чакырышты", — деди видеонун автору.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаран табелдик куралдын огу тийип каза болгон. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

426
Белгилер:
Бишкек, милиция, ок атуу, айдоочу, курал, кыз, видео, кайрылуу
Тема:
Инспектордун куралынан ок жеген айдоочунун өлүмү (10)
Тема боюнча
Бишкектеги айдоочунун өлүмү: инспектор менен чатакташкан учурдун видеосу
Курулуп аткан үйдө өрт. Архивдик сүрөт

Бишкектин түштүк тарабында ири өрт чыкты. Видео

190
(жаңыланган 21:35 16.09.2021)
Курулуп жаткан имараттын жогорку кабаты өрттөнүп жатат. Объект Түштүк магистралдан алыс эмес Асанбай кичи районунда жайгашкан.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында курулуп жаткан имараттын жогорку кабаты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине окуянын күбөлөрү билдирди.

Өрт бир аз мурда башталды. Окуяга күбө болгондордун айтымында, объект Түштүк магистралдан алыс эмес Асанбай кичи районунда жайгашкан.

ӨКМ маалымат тарата элек.

190
Белгилер:
Бишкек, өрт, имарат, курулуш
Тема боюнча
Бүгүн түштө Түп районунда болгон өрт эки бөбөктүн өмүрүн алып кетти. Сүрөт
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архивдик сүрөт

Курсан Асанов №50 тергөө абагына эки айга камакка алынды

55
(жаңыланган 20:59 16.09.2021)
Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Ал ушул жылдын 14-ноябрына чейин абакта болмокчу.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Биринчи май райондук сотунун чечими менен №50 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Анын бөгөт коюу чарасы бүгүн, 16-сентябрда, тандалды. Ал сотко чейинки өндүрүш мөөнөтүнө чейин, тагыраагы, ушул жылдын 14-ноябрына чейин абакта болмокчу. 

Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган.

Эске салсак, Курсан Асанов октябрь окуялары учурунда, тагыраагы, 6-октябрда ИИМдин жетекчилигине келип, бир нече күндөн кийин иштен кеткен.

Ал эми 26-январда кармалган. Ага 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга аракеттенген деп Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") негизинде айып тагылган.

Экс-министр андан төрт ай өткөндөн кийин 12-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган болчу.

55
Белгилер:
Курсан Асанов, камак, соттук чечим
Тема боюнча
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды
Адвокат: Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

0
(жаңыланган 23:02 16.09.2021)
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял члена Государственного совета, министра иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И. 16 сентября 2021 года
    Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Член Государственного совета, министр иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И во время встречи с президентом КР Жапаровым
    Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын айтты. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Садыр Жапаров, вакцина, каражат
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди