Унаада отурган милиция кызматкери. Архивдик сүрөт

Октон каза болгон айдоочу. Дагы үч инспектор кармалды

706
(жаңыланган 10:27 29.08.2021)
Колго түшүрүлгөндөр өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкекте ок тийип каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун Б.Э. жана Б.А. аттуу эки кенже инспектору колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө камагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек Жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кийинчерээк бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүп берилип, аны атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган.

706
Белгилер:
УКМК, патрулдук милиция, кармоо
Тема:
Инспектордун куралынан ок жеген айдоочунун өлүмү (10)
Тема боюнча
Инспектордун огунан көз жумган айдоочунун достору Ташиевге кайрылды. Видео
Бишкектеги айдоочунун өлүмү: инспектор менен чатакташкан учурдун видеосу
Кишендер. Архив

Чүйдө жигитти уурдап кетип 100 миң сом талап кылган деп үч киши кармалды

3
(жаңыланган 16:38 20.09.2021)
Кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар колго түшкөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Чүй облусунда 31 жаштагы эркек кишини уурдап, айыл четине алып барып 100 миң сом талап кылды деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 17-сентябрь күнү Чүй райондук милициясына Искра айылында киши уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барган. Териштирүү учурунда болжол менен саат 21:00дөр чамасында бейтааныш бирөөлөр 31 жаштагы М.А. аттуу жаранга карата күч колдонуп, белгисиз тарапка уурдап кеткени маалым болгон.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар кармалды
"Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар кармалды. Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгып коркутуп, 100 миң сом талап кылышканы аныкталды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жазык кодексинин 170-беренеси ("Киши уурдоо") менен КЖБРге катталган.

3
Белгилер:
Чүй району, кылмыш, адам уурдоо, кармоо, коркутуу
Тема боюнча
Маршруткадан түшүп баратып мушташып... Ысык-Атадагы окуянын видеосу
Жер тилкелерин трансформациялап берем деп 21 миң доллар алган. Шектүү кармалды
Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде ок чыккан жердеги полиция кызматкерлери

Пермь университетинде студент ок чыгарып, 8 киши каза тапты. Видео

189
(жаңыланган 14:22 20.09.2021)
Окуу жайдан октун үнү чыгып жатканы тууралуу маалымат милицияга бүгүн эртең менен түшкөн. ИИМ полиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгып кеткенин билдирди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде ок атылып, сегиз киши каза болду. Алардын арасында жаракат алгандар да бар. Бул тууралуу Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко билдиргенин РИА Новости жазды. 

Киши курмандыгына себепкер болгон адамдын кармалганы, анын аталган окуу жайдын студенти экени кабарланды. Окуу жайдан октун үнү чыгып жатканы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.

"Алдын ала маалымат боюнча, каза тапкандардын саны сегиз кишиге жетти. Алтоо жаракат алган", — деп айтылган маалыматта.

Социалдык тармактарда студенттер дүрбөлөңгө түшүп, терезеден секирип жаткан видео тараган.

ИИМ полиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгып кеткенин билдирди.

189
Белгилер:
Россия, Пермь, окуу жай, курал, ИИМ
Тема боюнча
Ок атып токтотушту. Чек арачылар Тажикстанга бараткан жүктү кармашты