Бишкекте кишини тебелеп кеткен 23 жаштагы айдоочу мас болгону айтылды

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
23 жаштагы бишкектик айдоочу Mercedes-Benz S 500 автоунаасын токтотоюн деп жатып кишини коюп кеткен.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Юнусалиев көчөсүнөн жөө адамды тебелеп кеткен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, алдын ала маалымат боюнча, мас болгон. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Окуя кечээ, 31-августта, болгон. Айдоочу кафени сүзүп токтогон.

"31-август күнү эртең менен саат 06:50лөр чамасында Бишкек шаарынын А.А. аттуу 23 жаштагы жараны Mercedes-Benz автоунаасын башкарып бара жаткан. Ал Юнусалиев көчөсүндөгү № 127 үйдүн маңдайына унааны токтоюн деп жатып тротуардагы адамды коюп кеткен. Андан соң кафени сүзүп токтогон. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу менен жөө адам мас абалында болгон", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы Ч. И. Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылган.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, материалдар Бишкек ШИИББдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0