Милиция кызматкери. Архив

Соцтармакка айдоочудан пара алып жатат делген инспектордун видеосу тарады

207
(жаңыланган 19:25 01.09.2021)
Кадрдан айдоочу инспекторго бир нерсе бергенин көрүүгө болот. Роликтин автору тартип сакчы пара алды деген ойдо.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Интернетке Ош шаарында жашаган айдоочу менен инспектордун видеосу тарады.

Камерага тартып алган киши патрулдук милициянын кызматкери айдоочудан пара алганын айтууда, бирок тартип сакчы жарандан чын эле акча алганы видеодо даана көрүнгөн эмес. Инспектор алганын папкасына салып, айдоочуну коё берген.

Ош шаарындагы милициянын Патрулдук кызмат башкармалыгы кызматтык териштирүү башталганын кабарлады.

207
Белгилер:
Ош, милиция, пара, инспектор, иликтөө
Тема боюнча
Коррупцияга жол бербеңиз! "Унаа" ишканасынын кызмат акылары
Казакстандан мыйзамсыз 1 266 баш мал алып келе жаткандар чек арадан кармалды
Бишкектеги кампадан чыккан ири өрттү өчүрүү

Бишкектеги кампадан чыккан ири өрт толугу менен өчүрүлдү

64
(жаңыланган 19:44 28.09.2021)
Өрт 850 чарчы метрге жакын аянтты жалмаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү толугу менен өчүрүүгө төрт саат кеткен.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкектин Кулиев көчөсүндө жайгашкан "Империя пиццы" кафесинин жанындагы кампадан чыккан өрт толугу менен саат 17:23тө өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 13:03тө төрт бригада тартылган. Адегенде "Империя Пиццы" кафесинин имараты өрттөнгөнү айтылган. Кийин тилсиз жоо ага жакын жайгашкан имаратты жалмаганы аныкталды.

Өрт 850 чарчы метрге жакын аянтты жалмаган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына өрт коопсуздугунун сакталбашы жана кампага жакын жерде ширетүү иштери жүргүзүлгөнү себеп болгон.

64
Белгилер:
Бишкек, өрт, кырсык
Тема боюнча
Бишкектеги ири өрт чектөөгө алынды. Асмандан тартылган видео

Бишкекте "Империя пиццы" кафесинин жанындагы өрт кантип өчүрүлдү. 11 сүрөт

96
(жаңыланган 18:30 28.09.2021)
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампа өрттөнгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн
  • ӨКМ билдиргендей, имарат Империя пиццы кафесинин аймагында жайгашкан
  • Жалын саат 13:03тө тутанган
  • Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүү тобу тартылды
  • Кырсык чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү болгон
  • Кампадагы өрт чектөөгө алынган
  • ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес
  • Кампа кимге таандык экени такталууда
  • Өрттүн дрондон тартылган көрүнүшү
  • ӨКМдин кызматкерлери өрттү өчүрүү учурунда
  • ӨКМдин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барууда
Бүгүн, 28-сентябрда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампада өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Имарат "Империя пиццы" кафесинин аймагында жайгашканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. От саат 13:03тө тутанган. Жерине төрт өрт өчүрүү тобу тартылган. Маалыматка ылайык, өрт чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү бар.

Өрт чектөөгө алынган, жабыр тарткандар болгон жок. ӨКМ кампа кимге таандык экени такталып жатканын билдирди.

 

96
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампа өрттөнгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампа өрттөнгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн

  • ӨКМ билдиргендей, имарат Империя пиццы кафесинин аймагында жайгашкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ӨКМ билдиргендей, имарат "Империя пиццы" кафесинин аймагында жайгашкан

  • Жалын саат 13:03тө тутанган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жалын саат 13:03тө тутанган

  • Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүү тобу тартылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүү тобу тартылды

  • Кырсык чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү болгон
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Кырсык чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү болгон

  • Кампадагы өрт чектөөгө алынган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кампадагы өрт чектөөгө алынган

  • ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес

  • Кампа кимге таандык экени такталууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кампа кимге таандык экени такталууда

  • Өрттүн дрондон тартылган көрүнүшү
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Өрттүн дрондон тартылган көрүнүшү

  • ӨКМдин кызматкерлери өрттү өчүрүү учурунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ӨКМдин кызматкерлери өрттү өчүрүү учурунда

  • ӨКМдин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ӨКМдин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барууда

Белгилер:
Бишкек, кафе, өрт, өчүрүү, кырсык
Тема боюнча
Бишкекте кафе өрттөнүп жатат. Видео
Бишкектеги ири өрт чектөөгө алынды. Асмандан тартылган видео
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

596
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

596
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти