Бишкекте аялды, андан соң кафени сүзгөн айдоочу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыкка түшкөн аялга жардам берүү учурунда. Архив
Жол кырсыкка түшкөн аялга жардам берүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 297-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Аялды сүздүрүп кетти деп шектелип жаткан 23 жаштагы айдоочу Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Окуя 31-август күнү эртең менен саат 06:50лөр чамасында Бишкек шаарында болгон. Милициянын маалыматына караганда, айдоочу таң атпай мас болгондуктан Mercedes-Benz S 500 автокөлүгү менен жөө кетип бараткан аялды, андан соң кафени сүзгөн.

Тартип сактоочулардын айтымына караганда, айдоочу автоунаасын токтотоюн деп жатып кишини уруп кеткен. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан айдоочунун да, жөө адамдын да мас экенин айтышты.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун коргоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Чүй: ичип алып жана катуу ылдамдык менен айдагандар көп болууда
Кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы Ч. И. Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна кабыргасы сынып жана бир нече жаракат менен жаткырылган.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 297-беренесинин ("Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0