УКМК баңгизат сатуу боюнча ири канал түзгөн топту аныктап, бир мүчөсүн кармады

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКармалган кишиден алынган баңгизат
Кармалган кишиден алынган баңгизат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Учурда башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин каналдарына бөгөт коюу иштери уланууда.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ошто баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн топ аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРОшто баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн топ аныкталды
УКМК баңгизат сатуу боюнча ири канал түзгөн топту аныктап, бир мүчөсүн кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Ошто баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн топ аныкталды
"4-сентябрь күнү УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу Нариман айылынын тургунун кармады. Ал 1 килограмм өлчөмдөгү баңгизатты сатууну көздөгөн. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан топ Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн.

Учурда андагы башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин каналдарына бөгөт коюу иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0