Зордуктады деп каматам! 100 миң сом талап кылды делип милиционер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку
Презентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Тергөө иштеринин алкагында шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициясынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Кайгуул милициясынын кызматкери А. А. К. 64 миң сом пара алуу фактысы боюнча кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Случаи квартирных краж в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Бишкек: 50,6 миң доллар уурдады деген шек менен төрт жаран кармалды
УКМКнын маалыматына караганда, ал бул ишке таанышы менен сүйлөшүп алып барган.

"Бишкектин тургунун зордуктоо фактысы боюнча жоопкерчиликке тартыласың деп коркутуп, андан 100 миң сом пара талап кылышкан. Анткен менен коркутууга алынган жаран тарабынан бирөөгө күч колдонуу же башка мыйзам бузуулар болгону катталган эмес", — деп айтылат кабарда.

Тергөө иштеринин алкагында шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0