Россиянын ӨКМ жетекчиси адамды куткарам деп жатып каза тапты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жетекчиси Евгений Зиничев. Архив
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жетекчиси Евгений Зиничев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
ӨКМ окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок, бирок министр кызматтык милдетин аткаруу учурунда көз жумганы кабарланды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жетекчиси Евгений Зиничев адам өмүрүн сактайм деп жатып каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Россиянын ӨКМи терең кайгыруу менен Евгений Зиничевдин дүйнөдөн өткөнүн кабарлайт. Ал Арктикада өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча ведомстволор аралык машыгуу учурунда адам өмүрүн куткарууга аракет жасайм деп жатып каза болду", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Дагы үчөөнүн сөөгү табылды. Казакстандагы жарылууда каза болгондор
ӨКМ окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок. Бирок "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньяндын айтымында, Зиничев кырда турган оператор тайып кетип сууга кулаганда, аны куткарам деп артынан секирген. Тилекке каршы, ал ташка урунуп каза болгон. Сууга кулаган оператор дагы көз жумган.

Россиянын ӨКМинин Арктикадагы масштабдуу машыгуулары кечээ башталган. Зиничев 7-сентябрда иш-чарага старт берген.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Зиничевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты.

"Капилет кырсыкта каза тапкан кесиптешимдин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Евгений Николаевич мекен алдында берген антына бекем туруп, кооптуу кырдаалда адам өмүрүн сактап калууга аракет кылып, тилекке каршы, өз өмүрү менен коштошту. Анын өрнөктүү өмүр жолу куткаруучулар үчүн үлгү", — деп министр билдиргенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ажикеев Зиничев мыкты адам жана өз ишинин чыныгы чебери катары түбөлүккө эсте сакталарын белгилеген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0