ӨКМ кызматкерлери. Архив

Кызыл-Кыянын борбордук базарынан чыккан өрт 9 саатта өчүрүлдү. Видео

113
Аталган базарда 8-сентябрда кечинде кездеме саткан дүкөндөн жалын тутанганы айтылган. Өчүрүүгө беш бригада тартылган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарынын борбордук базарында чыккан өрт дээрлик тогуз сааттан кийин өчүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аталган базарда кечээ, 8-сентябрда, кездеме саткан дүкөндөн жалын тутанганы айтылган. Алгачкы өрт өчүрүүчү унаа саат 20:19да барган, жалпы жонунан беш бригада тартылды. Өрт саат 22:48де чектөөгө алынган.

"Саат 5:35те толугу менен өчүрүлдү. Базардын 2 500 чарчы метр аянты күйгөн", — деп айтылат маалыматта.

Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда, жаракат алгандар жок.

113
Белгилер:
ӨКМ, өрт, Кызыл-Кыя, базар
Тема боюнча
Чоң Кеминдин токоюнан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек. Видео
Бишкек — Ош жолунда Toyota күйүп кетти. Өрттүн видеосу
Ок атуу болгон Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин жаныдагы полиция кызматкерлери

ТИМ: Пермдеги ЖОЖдо ок жегендердин арасында кыргызстандыктар жок

56
(жаңыланган 00:29 21.09.2021)
Кечээ, 20-сентябрда, Пермдеги жогорку окуу жайдын студенти имараттын ичиндегилерге ок чыгарган. Бир нече убакыттан соң полиция аны жарадар кылып, кармаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

"Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.

56
Белгилер:
Россия, Пермь, студент, ок атуу, полиция
Тема боюнча
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
Жапаров Путинге Пермдеги окуя боюнча көңүл айтты
Алматы шаарындагы полиция кызматкери. Архив

5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды

6250
(жаңыланган 19:26 20.09.2021)
Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя Акбулак кичи районунда болгон. Атышуу сот аткаруучулар жаранды үйүнөн чыгарганы келгенде башталганы айтылат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Алматы шаарында атышуу болуп, беш киши көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя Акбулак кичи районунда болгон. Атышуу сот аткаруучулар жаранды үйүнөн чыгарганы келгенде башталганы айтылат. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран көз жумганы маалым.

Өз кызматкерлеринин каза болгондугун Алматы полициясынын департаменти тастыктады.

"Мамлекеттик органдарга атышуу боюнча маалымат бүгүн саат 17.20да түшкөн. Сот аткаруучулар аймактык тескөөчүлөр соттун үй ээсин жакындары менен чогуу үйдөн чыгаруу чечимин ишке ашырууга келишкен. Ошол маалда 54 жаштагы жашоочу ок чыгарган", — деп айтылат кабарда.

Ал полиция тараптан кармалганы кошумчаланды.

6250
Белгилер:
Казакстан, Алматы, полиция, атышуу, өлүм
Тема боюнча
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
Кол кармашып турган түгөй. Архив

Түгөйлөрдүн бири эмнеден улам орой болуп калат? Адистин түшүндүрмөсү

0
Психологдун айтымында, орой адамды жар катары тандаган киши "жылытууга" аракет кылышы керек. Мисалы, кыйкырыкка кыйкырык менен жооп бербей, тескерисинче, жумшак мамиле кылган туура.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Психолог Александр Колмановский жубайлардын оройлугу эмнеден келип чыгарын жана аны кантип жеңсе болорун айтып берди. Адистин пикирин РИА Новости жарыялады.

"Кандай адамдар жакындарына ороңдоп бир тийип, көңүлүн көп оорутат? Адатта булар кичинесинде ата-энеси жетишерлик көңүл буруп, бооруна тартпаган балдар. Көкүрөгүндө кичине кезинде албай калган мээримдин орду бош болуп, кийин анын ордун түгөйүнүн мээрими менен толтургусу келет. Бирок ошол нерсеге жылуу-жумшак жол менен жетүүнүн ордуна оройлугун көрсөтөт, башка жолун билбейт", — деди адис.

Колмановский түшүндүргөндөй, мындай адамды кабыл алып, жар катары тандаган киши "жылытууга" аракет кылышы керек. Мисалы, кыйкырыкка кыйкырык менен жооп бербей, тескерисинче, жумшак мамиле кылган туура.

"Мисалы, сиз аябай шашып бара жатканда, бирөө токтотуп алып сиз үчүн маанисиз бир нерсе сурады дейли. Албетте, жиниңиз келип, кагып коюшуңуз мүмкүн. Ошол учурда ал кечирим сурап, кичипейил мамиле кылса, сиз уялып каласыз. Кийин ал адамды көргөндө ыңгайсыз болуп, жакшы сүйлөгөнгө аракет кыласыз", — деди психолог.

Адис кошумчалагандай, түгөйүн мындай абалдан алып чыгып кетем деген киши ал уруша баштаганда сөздөрүнө эмес, ошол учурдагы абалына көңүл бурушу керек. Ошондо гана кырдаал даана көрүнүп, жакын адамга жардам берүү оңоюраак болот.

0
Белгилер:
күйөө, аял, уруш, психология, абал
Тема боюнча
Бош убакыттын көптүгү маанайды чөгөрүп, ден соолукка залакасын тийгизет
Окумуштуулар коронавирустун дагы бир олуттуу кесепетин айтышты