Таласта Audi токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзүп, эки киши көз жумду

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
ӨКМ жеңил автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калганын айтты. Кырсыктын кесепетинен бир адам жеринде каза болсо, дагы бир киши ооруканага жетпей көз жумган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Таластын Кара-Буура районунда жеңил унаа токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзүп, эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Каргаша түндө саат 01:40тар чамасында Чолпонбай айылында болгон.

"Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен бир адам жеринде каза болуп, дагы бир киши ооруканага жетпей көз жумган", — деп айтылат билдирмеде.

Окуя болгон жерге беш куткаруучу тартылган. Алар жеткенге чейин каза болгондордун сөөгүн Тез жардам кызматы алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0