Чүйдө жер алып берем деп Land Rover унаасын алып кеткен аял кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт
Кишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Кармалган аялдын алдамчылыкка байланыштуу дагы башка кылмыштарга тийиштиги текшерилүүдө. Былтыр анын үстүнөн 10 киши арыз жазып, иши сотко өткөн.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Чүйдө жер тилкесин алып берем деп бир нече кишини алдаган 60 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области Чүйдө жер тилкесин алып берем деп бир нече кишини алдаган 60 жаштагы аял кармалды
Чүйдө жер алып берем деп Land Rover унаасын алып кеткен аял кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Чүйдө жер тилкесин алып берем деп бир нече кишини алдаган 60 жаштагы аял кармалды

Бишкек шаарынын тургуну Сокулук ИИБге кайрылып, 2019-жылы чала тааныштары Ново-Павловка айылынан жер тилкесин алып берем деп Land Rover Discovery үлгүсүндөгү унаасын алып из жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен каттоого алынган. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

"Учурда анын алдамчылыкка байланыштуу дагы башка кылмыштарга тийиштиги текшерилип жатат. Үстүнөн үч арыз түштү. Шектүүгө былтыр дагы 10 арыз түшүп, кармалган болчу. Чогултулган материалдар сотко жөнөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Милиция жабыркагандарды 0(708) 14 88 70 жана 0 (508) 27 88 66 номерлерине байланышууну суранды.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0