Мамлекетке 8 млн. сом зыян келтирген. УКМК Бажыдагы эки кызматкерди кармады

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБажы кызматкери. Архив
Бажы кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Жооптуу кызматкерлер кийим-кече, тиричилик буюмдарын бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө арзан товар катары декларациялаган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бажы кызматында иштеген эки кызматкер мамлекетке 8 миллиондон ашуун зыян келтирген деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Түндүк" темир жол бажысынын "Кара-Балта" Бажы каттоо жайынан Ж.Д. жана М.Е. аттуу жогорку кызмат адамдары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пробки из грузовых машин на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Кыргызстанда бажы салыгы эки эсеге көбөйдүбү? Расмий жооп
Текшерүү учурунда үч жүк ташуучу унаа кармалган. Аны менен Түркияда фирмалык кийим-кечелерди жана тиричилик буюмдарын ташып келишкен. Бирок товарлар чек арадан бажы алымы төмөн болгон трикотаж кездемелери, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган.

Бажыдагы кызматкерлердин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Тергөө учурунда аталган сумма толугу менен өндүрүлгөнү белгиленет.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иштери жүрүп жатат. УКМК кийинчерээк кошумча маалымат берүүнү убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0