Кечээ ӨКМдин куткаруучулары үч башка жерден үч кишинин сөөгүн суудан алып чыкты

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоиски МЧС девушки упавшей в реку Аламедин
Поиски МЧС девушки упавшей в реку Аламедин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Сууда жаткан кишилер туурасында милицияга кабар түшкөн. Айтылган жерлердин баарына куткаруучулар барган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кечээ ӨКМдин куткаруучулары Балыкчы, Кызыл-Кыя шаарларынын жана Кадамжай районунун аймактарынан сууда жаткан үч адамдын сөөгүн алып чыгып, милицияга өткөрүп берген. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Бир күндө Кыргызстанда үч адам каналдагы сууга чөгүп каза болду
Балыкчы шаарындагы "Алия" пансионатынын аймагына чакыруу менен барган ӨКМ куткаруучулары 37 жаштагы кишинин сөөгүн көлдөн алып чыккан.

Экинчи факт Баткенде катталган. Кызыл-Кыя шаарындагы көпүрөнүн астында болжол менен 50-55 жаштагы азиат тектүү эркек кишинин сөөгү (аты-жөнү такталууда) суу менен агып келип бетонго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Үч куткаруучу барып, өлүктү суудан чыгарган.

Үчүнчү окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон. Марказ айыл аймагынын Жайылма каналында болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) өлүгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге да үч куткаруучу барып, сөөктү суудан чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0