Поезд. Архив

Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты

112
(жаңыланган 18:55 18.09.2021)
Жигит поезддин берген сигналына маани бербегени айтылды. Машинист поездди токтоткону менен жаран ага урунуп көз жумган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте жүк ташуучу поездге урунуп жаш жигит каза болгонун "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматта кырсык саат 10.12лер чамасында Жаш гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылды.

"Алдын ала маалымат боюнча, темир жол менен бараткан Р. уулу Э. сигналга маани бербей койгон. Машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урунуп каза болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Маркумдун 21 жашта экени белгилүү болду.

112
Белгилер:
поезд, темир жол, машинист, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек: жарыш учурунда Nissan GT-R унаасы тосмого кадалып, талкаланды. Видео
Аламүдүн району төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты

Аламүдүн: суу сактагычтан эркек кишинин сөөгү табылды. Сүрөт

24
(жаңыланган 00:27 19.10.2021)
Куткаруучулар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Аламүдүн районунун төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук ӨКБден төрт куткаруучу барган. Алар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

24
Белгилер:
Кыргызстан, Аламүдүн району, канал, өлүк, куткаруучу
Тема боюнча
Куткаруучулар суудан башка адамды издеп жатып, белгисиз сөөктү алып чыкты. Сүрөт
Жолчу оңдоо иштери учурунда. Архив

Бишкек: түндө мас айдоочу койдуруп кеткен эки жолчу тең көз жумган. Соңку маалымат

166
Жол кырсык кечээ болжол менен саат 1:55терде Горький менен Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, анда айдоочу  бир кишини койдуруп кеткени эртең менен кабарланган. Милиция бир аз мурда анын бир эмес, эки жолчуну койдуруп кеткенин билдирди.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Такталган маалыматтарга ылайык, мас болуп алган айдоочу эки кишини өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Жол кырсыгы кечээ түнү болжол менен саат 1:55терде Горький менен Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Mazda Demio унаасынын 20 жаштагы И.Б. аттуу айдоочусу мас экенин аныкталган. Ал Горький көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан эки кишини сүзүп кеткен. Адегенде 27 жаштагы Т.Ы. аттуу жарандын каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк Кайгуул милициясы дагы бир 34 жаштагы А.М. аттуу адамдын да көз жумганын билдирди.

Айдоочу Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, автоунаасы айып короого киргизилген. Экспертиза дайындалган.

Кайгуул милициясы көчөдө ичип алып автоунаа башкарган айдоочуну көргөндөрдү 102 кызматына же (0509) 102-122 WhatsApp номерине чалып кабарлоосун өтүндү. 

166
Белгилер:
Бишкек, айдоочу, жол кырсык, өлүм, Кайгуул милициясы
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкек: мас айдоочу сүзгөн жолчу ошол жерден көз жумду. Сүрөт