Мотоциклчен киши. Архивдик сүрөт

Мотоциклчен киши аэропортко кеткен трассадан жөө адамды коюп, жол жабылды

219
(жаңыланган 23:34 19.09.2021)
Жолго 50дөй киши топтолуп ызы-чууга түштү. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 50 жаш курагындагы киши каза болду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Манас" аэропортуна кеткен жолдо мотоциклчен киши жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милиция билдирди.

Окуя бүгүн саат 20:00дө болгон. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жөө киши набыт болгон. Болжол менен ал 50 жашта. Активист Болот Ибрагимов авариядан кийин тартылган видеону соцтармакка жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Кадрдан жол убактылуу жабылып калганын көрүүгө болот. Топтолгон 50дөй киши ызы-чууга түшкөн. Милициянын божомолу боюнча, алар жергиликтүү тургундар менен мотоциклчен кишинин достору болушу мүмкүн.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы саат 21:00дөр чамасында Манас айылынын жашоочулары Бишкек — аэропорт жолун тосуп, жол кырсыктарына нааразычылыктарын билдиришкенин кабарлады.

"Учурда милиционерлер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деди ОИИББден.

Түнкү саат 11лер чамасында эл тарай элек болчу.

219
Белгилер:
Бишкек, милиция, жол кырсык, мотоцикл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (168)
Тема боюнча
Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты
Афганистандын Кандагар шаарындагы жагылуу болгон мечит

ЖМК: Афганистандын Кандагар шаарында мечит жардырылып, 63 адам көз жумду

43
Маалыматтарга караганда, терактыны үч жан кечти жасаган. Дагы бирөө имараттын жанынан ок чыгарган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Афганистандын Кандагар шаарында мечит жардырылып, каза болгондордун саны 63кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү ооруканадагы ишенимдүү булактарга таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, 83 адам ар кандай жаракат алган. Жардыруу жакында эле күндүз болгону айтылды. Ишенимдүү булактын айтымында, терактыны үч жан кечти жасаган. Дагы бирөө имараттын жанынан ок чыгарган.

ЖМКлардын жазганына караганда, бул терактынын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук кыймылы мойнуна алган.

43
Белгилер:
Афганистан, мечит, жардыруу, өлүм
Тема боюнча
Кабулда мечитти жардырды деген ИМ* террорчулары жок кылынды
Балык. Архив

Чек арачылар үч күн бою Баткенде мыйзамсыз жүк ташыгандарды кармады

151
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар менен жүктөр Кыргызстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан аткезчилик жолу менен жүк алып өтүү аракети болгон бир нече окуяны каттоого алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан бидиришти.

  • В Баткенской области пресечены несколько попыток незаконного провоза контрабандных грузов через границу
    УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан аткезчилик жолу менен жүк алып өтүү аракети болгон бир нече окуяны каттоого алды
    © Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
  • В Баткенской области пресечены несколько попыток незаконного провоза контрабандных грузов через границу
    15-октябрь күнү Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Mercedes Benz Sprinter автоунаасынын айдоочусун колго түшүрдү. 28 жаштагы кыргызстандык Тажикстанга 250 коробка шампунь алып өтүүгө аракет кылган.
    © Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
  • В Баткенской области пресечены несколько попыток незаконного провоза контрабандных грузов через границу
    Бүгүн, 16-октябрда, Лейлек районунда 31 жаштагы кыргызстандык кармалды. Ал Тажикстанга 3 тонна тоңдурулган балык алып бара жаткан.
    © Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан аткезчилик жолу менен жүк алып өтүү аракети болгон бир нече окуяны каттоого алды

Алар:

14-октябрь күнү Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери Өзбекстандан мыйзамсыз жол менен 32 даана буржуйка-меш алып келе жаткан жаранды кармады;

15-октябрь күнү Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Mercedes Benz Sprinter автоунаасынын айдоочусун колго түшүрдү. 28 жаштагы кыргызстандык Тажикстанга 250 коробка шампунь алып өтүүгө аракет кылган;

Бүгүн, 16-октябрда, Лейлек районунда 31 жаштагы кыргызстандык кармалды. Ал Тажикстанга 3 тонна тоңдурулган балык алып бара жаткан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар жана жүктөр компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.

151
Белгилер:
Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, чек ара, УКМК
Тема боюнча
Москвада КРден барган 49,8 млн. сомдук контрабандалык iPhone аэропорттон кармалды
Чек арачылар Баткендеги контрабандалык жүктү токтотуу үчүн асманга ок атышты
Жаратылыш. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

0
Жекшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөнүндө +20...+25, Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын жергесинде +14...+19 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +18...+20, ал эми Ош шаарында +23...+25 градус болору болжолдонду.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер